Олуялардын күмбөзү-«Беш ата»

Сарыбай бий, Кайназар ата, Сүйүнбай Аронулы, Туктыбай ата жана Жамбыл Жабаевдин сөөгү көмүлгөн «беш ата» күмбөзү Алматыдагы касиеттүү жерлердин катарын толуктайт.

27 Nisan 2021 23:58

Казакстан касиеттүү жайларга бай өлкө. Алардын бири Алматы облусунда жайгкашкан «беш ата» күмбөзү. Аталган күмбөздү далайлары ыйык тутуп,  алыстан ат арытып жол карытып издеп келишет. Бул  көрүнүш азыр да салтка айланган.

«Беш ата» күмбөзүндөгү алгачкы күмбөз Сарыбай атага таандык. Сарыбай бий Айдосулы (1821-1890) өзүнүн адилеттүүлүгү менен таанылган тарыхый инсан. Ал  акылы жана чеберчилиги менен өзгөчөлөнгөн олуя, баатыр болгон. Сарыбай атанын күмбөзүнө келгендер Кудайдан адилеттүүлүк сурашат.

«Беш атадагы» экинчи күмбөз Кайназар атага таандык. 1850-1913- жылдары жашап өткөн Кайназар ата атагы алыска кетен  жоокер, Сарыбай бийдин оң колу болгон. Тарыхый булактарда ал «эр жүрөк, күчтүү жана акылдуу адам болгон» деп сүрөттөлөт. Андыктан Кайназар атанын күмбөзүнө келгендер Кудайдан күч жана кубат сурап, тилек тилешет.

«Беш атадагы» үчүнчү күмбөз Сүйүнбай Аронулына таандык. 1815-1898-жылдары жашап өткөн  Сүйүнбай Аронулы кеменгер акын, күүчү жана комузчу болгон. Өмүрүнүн акырына чейин ыр жазып, бүт өмүрүн мекенине арнаган. Тарыхый маалыматтарга караганда Сүйүнбай менен Сарыбай бий Кокон хандыгынын таасири астында чачыранды болуп кеткен казак урууларынын биригишине чоң таасир көрсөткөн.

«Беш атадагы» төртүнчү күмбөз Туктыбай атага таандык. 1700-1781-жылдары жашап өткөн Туктыбай ата күчтүү дарыгер болгон. Ал 13 жашар кезинен эле элди даарылай баштагандыктан «бакшы бала» деген атка конгон. Бейтаптарды комуздун күүсү менен дарылаган. Туктыбай атанын күмбөзүнө келгендер Кудайдан ден-соолук сурашат.

«Беш атадагы» бешинчи күмбөз Жамбыл Жабаевге (1846-1945) таандык. Бир кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акын мезгил менен өмүр тууралуу ой толгоп, заман чындыгын, эл турмушун чынчылдыктын жана сынчылдыктын өңүтүнөн ырга кошкон. Дастан да айткан. Жамбылдын чыгармачылыгы тематикага бай, чыгармаларынын мазмуну терең, көркөмдүгү жогору болгон. 

Анын күмбөзү 1946-жылы салынган. 1970 жана 1996-жылдары жаңыланып, ак мрамор менен капталган. Тегереги казак оймо-чиймелери менен кооздолгон.

Казакстандын Алматы облусундагы бул ыйык жерлер казак эли үчүн өтө маанилүү. Ата-бабаларды эскерүү, аларга багыштап куран окуу казак элинин канына эзелтен сиңип калган улуу касиет.

 

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Алматы, «беш ата» күмбөзү, Сарыбай бий, Кайназар ата, Сүйүнбай Аронулы, Туктыбай ата, Жамбыл Жабаев,

Жаңылыктар