Ооган согушунда курман болгондор эскерилди.

Салтка айланып калгандай эле, 15-февралда афган жериндеги согушта курман болгон интернационалист жоокерлерди эскерүү күнү белгиленди.

16 Şubat 2021 13:39

Бишкек шаарында Ооган согушунда курман болгондор эскерилди.

Эскерүү иш-чарасында апаатта курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Коргоо министри Таалайбек Өмүралив, бул күн тарыхта калган күн экенин баса белгиледи. Ооган согушунда курман болгон аскерлердин жаркын элеси эч качан унутулбаарын билдирди.

Жапаров Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Кайрылуунун текстинде төмөнкүдөй деп айылат:

«Урматтуу Афган согушунун катышуучулары!

Салтка айланып калгандай эле, биз ар жылдын 15-февралында афган жериндеги согушта курман болгон интернационалист жоокерлерди эскерүү күнүн белгилейбиз.

Кайратмандыгы, эрдиги жана каармандыгы үчүн эки жүз миңден ашык аскер кызматчылары, жумушчулар жана кызматчылар СССРдин орден, медалдары менен сыйланышкан.

Афганчы-жоокерлер бүгүн дагы өзүнүн жарандык милдеттерин ар-намыстуулук менен аткарышып, өлкөбүздүн ардагердик кыймылынын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Алар өздөрүнүн куралдаш жолдошторуна жардам көрсөтүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып, патриоттук иштерди алып барышып, Мекенди коргоочулардын жаш муунун даярдап жатышат.

Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистандан чыгарылышынын 32 жылдыгына карата бардык интернационалист ардагерлерге, алардын туугандарына жана жакындарына бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм».

Белгилей кетсек, Эске салсак, 1979-жылдын 27-декабрында советтик аскерлер Ооганстанга басып кирип, 9 жыл, 1 ай жана 19 күнгө созулган согуштан кийин 1989-жылдын 15- февралында Ооган жергесинен толугу менен чыгарылган. Бул жылдарда Афганистанда Советтик армиянын 620 миң аскерлери, алардын ичинде жети миңден ашуун кыргызстандык өз милдетин өтөгөн.

Жаңылыктар