09 Temmuz 2021 23:16
Ош шаары Б. з. ч. IV-к. – б. з. V-к.к. шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. IX–X-к. Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.
Ош шаарынын 13-к-дын башында Чыңгыз хандын аскерлери кыйраткан. 14-к-дын акырында Эмир Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана ошондой эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй жөнүндө да эскерип кеткен.
Учурда шаарда орто кылымдын убагында курулган Асаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (13-к.,) Рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.),, Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык эстеликтер калыбына келтирилген.
Ош шаарында б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак, Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган.
2000-жылдын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанаты белгиленген.
Ош шары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан.
Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура менен атактуу. Кыргызстандын «экинчи борбору» деп да аталып жүрөт.
Шаар 2019-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыяланган.
Anahtar Kelimeler: Ордолуу Ош шаары, Кыргызстан,