Орозо айтта цивилизациялардын шаары атыккан Мардин жана Диярбакырга жүздөгөн мейман келди

Тарыхый баалуулуктары жана жаратылышынын кооздугу менен өзгөчөлөнгөн Диярбакыр жана Мардин шаарлары Орозо-айтта көптөгөн мейманды тосуп алды.

06 Mayıs 2022 21:37

Миңдеген жылдардан бери ар кыл цивилизациялардын бешиги болуп, тарыхый баалуулуктары жана туристтик жайлары менен өзгөчөлөнгөн Мардин жана Диярбакыр шаарларын кыдырып, өз көзү менен көрүүгө кызыккан жергиликтүү жана чет элдик туристтердин саны арбын.

Орозо-айт майрамында маданий шаарлардын көрүүгө көп сандаган мейман келди.

Мардин шаары

Мардин шаарын Түркиянын заманбап дүйнөдөгү байыркы шаары деп атасак болот.

Шаар - өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

Талашсыз маданий жана тарыхый баалуулугунан улам ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Кудум ачык асман алдындагы музейди элестеткен Мардин шаарында, Дара байыркы шаары, тегирмендер, чиркөөлөр, суу сактагычтар, Дейрулзафаран монастыры, Улужами, Зинжирийе медресеси,  Касымийе медресеси, Мор Габриэль монастыры, Кырклар чиркөөсү жана башка баалуулуктар орун алган.

Диярбакыр шаары

Диярбакыр шаары көптөгөн цивилизацияларга ээлик кылган байыркы шаар.

Түркиянын Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагында орун алган.

Диярбакыр чеби жана Хавсел бакчалары шаардагы эң маанилүү тарыхый жана маданий байлыктардын катарын толуктайт.

Диярбакыр чеби, тарыхтын издерин камтыйт.

Тарыхый чеп ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Жаңылыктар