Орто Азиядагы алгачкы күмбөз: Исмаил Саманинин күмбөзү

Исмаил Саманинин күмбөзү Бухара чөлкөмүндөгү эң маанилүү тарыхый эстеликтердин бири болуп эсептелет

31 Aralık 2021 20:14

Бухара шаарында орун алган күмбөз Орто Азиядагы эң манилүү тарыхый архитектуралык эстеликтердин бири. Ал, Орто Азиядагы алгачкы күмбөз катары таанымал.

Исмаил Саманинин күмбөзү ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурас тизмесине кирген Бухара шаарынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан.

9-10-кылымдарда салынган.

Мүрзөгө Исмаил Саманинин  жана анын чоң атасы Ахмед бин Асаддын сөөгү көмүлгөн. Айрым иликтөөчүлөр күмбөздө Исмаил Саманинин  неберелеринин да сөөгү көмүлгөнүн айтып келишет. Бирок казууларда эки кишинин гана мүрзөсү табылган.

Исмаил Саманинин күмбөзү монголодордун чабуулу учурунда талкаланбай, сыйкырдуудай сакталып калган. Тарыхчылардын айтымында, монгол чабуулу учурунда, чөлдө, болуп көрбөгөндөй бороон-чапкын болуп, күмбөз толук кумга көмүлүп калган. Ошентип кыйроого учураган эмес.

Азиядагы ислам архитектурасынын эң байыркы эстелиги катары таанымал күмбөз, толугу менен бышкан кирпичтен салынган.

 

Anahtar Kelimeler: Исмаил Саманинин күмбөзү,

Жаңылыктар