Орусия элдин эвакуациясы үчүн дагы бир ирээт убактылуу ок атпоо жарыялады

Орусия Украинанын 5 шаарындагы карапайым элдин эвакуациясына жол берүү үчүн дагы бир жолу гуманитардык коридорлорду түздү.

09 Mart 2022 10:06

Орусия Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков, Чернигов жана Суми шаарларынан жарандарды эвакуациялоо үчүн Москва убактысы боюнча, бүгүн, 9-март, саат 10:00дөн тарта убактылуу ок атышпоо жарыялаганын билдирди.

 

Маалыматка караганда Украина коопсуздук коридорлорундагы иш убактысын  аныктап, Москва сааты менен 3:00го чейин Орусия менен макулдашууга жетишүүсү зарыл.

 

Билдирүүдө эл кайсы маршрут менен чыга алары айтылат жана коопсуздукту Украина камсыз кылышы керек. 

Жаңылыктар