Орусия-Түркия-Украина саммити

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Анталияда жолугушат. Бул, кол салуулар башталгандан берки тараптардын эң жогорку деңгээлдеги алгачкы жолугушуусу болмокчу.

10 Mart 2022 10:51

Түркиянын дипломатиялык аракеттери өз натыйжасын берип, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Анталияда жолугуша турган болушту.

Жолугушуунун бирден бир максаты, кагылышууларды токтотуу жана ок атпоо режимин туруктуу орнотууну камсыз кылуу болуп эсептелет.

Бул, Орусия Украинага кол салгандан бери тараптардын эң жогорку деңгээлдеги алгачкы жолугушуусу болмокчу.

Түркия дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз улантты

Анталия шаарындагы жолугушуу чоң бурулуш болоору күтүлүүдө.

Дмитрий Кулеба менен Сергей Лавровдун ортосундагы жолугушуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун аракеттери натыйжасында ишке ашууда. Буга чейин Чавушоглу 11-13-мартта өтө турган Анталия форумунда тараптарды жолугуштурууну көздөп жатканын маалымдаган.

Анталиядагы жолугушуу үч министрдин катышуусунда өтөт.

Лавров менен Кулеба Анталияги келди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Түркиянын ортомчулугу менен өтө турган Орусия-Украина-Түркия жыйынына катышуу үчүн Антальяга келишти.

Лавров жана Кулеба баштаган делегацияларды ташыган жеке учактар ​​Анталья аэропортуна конду.

Анталия дипломатия форуму 

Ал эми эртең, 11-мартта Анталия дипломатиялык форуму башталат.  Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун төрагалыгы астында өтө турган форумду Президент Режеп Таййип Эрдоган ачып бермекчи. 

Форумга дүйнө жүзүнөн үч миңдей дипломаттардын катышары күтүлүүдө. Алардын катарында 19 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, 73 өлкөнүн министри жана эл аралык уюмдардын 42 өкүлү бар.

Жыйынга катыша тургандардын катарында Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян да бар. Белгилей кетсек Түркия менен Армения өз ара алаканы жакшыртуу аракетин көрүүдө.

 

 

Anahtar Kelimeler: Украина, Орусия, Түркия,

Жаңылыктар