Орусия-Украина кризиси: абал кандай?

Дүйнөлүк коомчулук Украина-Орусия чек арасындагы абалга жакындан көз салууда. Эки өлкө ортосунда бир нече айдан бери абал курч турган. Тирешүү кызуу жаңжалга айланганы турат. Эки өлкөнү согушка эмне алып келди?

22 Şubat 2022 19:12

Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу Донбасс аймагындагы кризис менен туу чокусуна жетти.

АКШнын чалгындоо кызматы, Орусия 2021-жылдын акыркы айларында Украина менен чектешкен аймагына 100 миңден ашуун аскерин жайгаштырганын маалымдап, бул кабар, бүткүл дүйнөнү түйшөлттү.

Вашингтон-Москва-Киев жана Брюссель бири бирин эскертип, талап коюп, ар кандай коркутуулар орун алды.

Орусия коопсуздук кепилдигин талап кылып, АКШ менен НАТОго расмий кайрылды. Өз кезегинде Москва НАТОну Чыгыш чек арасындагы аскердик күчтөрүн азайтууга чакырды. Украина менен Грузиянын НАТОго мүчөлүгү Москва үчүн “кызыл сызык” болоорун жарыялады.

НАТО, Орусияны Украина менен Грузиянын чечимдерине кийлигишпөөгө чакырды.

АКШ жана Евробиримдик эгер Орусия Украинага кол сала турган болсо, өтө катаал экономикалык санкцияларга туш болоорун бир нече жолу эскертти.

Бирок Орусия бул эскертүүлөргө көңүл бурган жок. Москва коопсуздук талаптарын канааттандырарлык чечип берүүнү талап кылды.

2022-жылдын 12-январында Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны өттү.

Бирок, Орусия менен АКШнын дипломаттарынын жолугушуусунан эч кандай жыйынтык чыккан жок. НАТО артка кадам таштабай, Орусиянын коопсуздук талаптарына канааттандыраарлык жооп берген жок.

21-январда АКШ менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Женевада жолугушту.

26-январда Вашингтон Москвага жазуу түрүндө жооп кайтарды.  АКШнын жообу да Орусияны канааттандырган жок.

НАТО Украинага жакын мамлекеттердеги аскерлеринин санын көбөйтсө, Орусия Украина менен чектешкен аймагында аскердик күчүн кеңейтти.

АКШ жана Европа өлкөлөрү Украинага курал жарак жөнөтүүнү улантты.

Тараптар, аскердик машыгууларын арттырды.

Ал арада Орусия-Украина чек арасынын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу багытындагы дипломатиялык аракеттер уланды.

АКШнын президенти Жо Байден Франциянын президенти Эманнуел Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Орусиянын президенти В. Путин жана Украинанын президенти В. Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Аймакта чыңалуу күчөгөнүнө байланыштуу АКШ баштаган бир катар өлкөлөр Украинадагы дипломатиялык кызматкерлерин толугу менен же жарым-жартылай чыгарып кетишти.

Anahtar Kelimeler: Украина, Орусия,

Жаңылыктар