Орусия-Украина согушу: Азербайжан тараптарды диалогго чакырды

Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Орусия менен Украинаны согуш дагы күчөп кете электе диалогго чакырды.

02 Mart 2022 16:34

Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары кеңешинин 49-сессиясында сөз сүйлөдү. Министр Орусия-Украина согушуна токтолду.

Ал, сессия эл аралык чыңалуулардын көлөкөсүндө өтүп жатканын белгилеп, Украинадагы кризиссте жарандардын өмүрү кыйылып жатканына өкүнүч билдирди.

"Жарандардын өмүрү дайыма коопсуз болушу керек. Учурдагы кырдаалдын жарандарга терс таасиринин алдын алуу үчүн кризиске каршы чараларды көрүү зарыл. Азербайжан украин элине медициналык жардам көрсөтүұдө",-деп билдирди ал.

Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Орусия менен Украинаны согуш дагы күчөп кете электе диалогго чакырды.

Anahtar Kelimeler: Украина, , Азербайжан,

Жаңылыктар