6

Орусия Украинага кол салганына 6 күн болду

Украинанын шаарларында бомба жана сиреналардын үнү жаңырууда. Дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Орусияга каршы санкцияларды киргизип, Украинага тилектештик билдирүүдө.

01 Mart 2022 12:07

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Чабуул Украинанын бир катар шаарларын камтыды. Украинанын шаарларында бомба жана сиреналардын үнү жаңырууда. 

Зеленский күн сайын билдирүү жасаоодо

Украинанын президенти Владимир Зеленский дароо өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объекттерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

Көп өтпөй Украина парламенти өлкөгө аскердик абал режимин киргизүү боюнча чечим кабыл алды. Жарандар фронтко чакырылды. 

Бир катар шаарларда Украинага тилектештик билдирген акциялар өттү. Орусиянын өзүндө акцияга чыккандар кармалды. 

Киевдеги жарылуулар жана сиреналар

Кол салуунун экинчи күнү Орусия ракеталык чабуулун баштады. Киевде сиреналар жаңырып, жардыруулар болду. Шаардыктар метро станцияларына баш калкалашты. Орусия Чернобылды көзөмөлгө алды.

3-күнү Киев үчүн катуу салгылаш болду. Бир канча саттан кийин Украинанын армиясы орус армиясына бөгөт койгонун жарыялады. 

Орусия жайкын тургундарды бутага алды

Орусия карапайым калк жашаган конуштарга чабуул жасабаганын билдирип келет. Бирок  көптөгөн жарандык пункттарга сокку урулду. Ракета имаратка тийген учурду тастыктаган видео жарыяланды.

Путин жана Лавровго каршы санкциялар

Орусия Украинага кол салганына байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусиянын бир катар банктарына жана президент Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров баштаган расмий жетекчилерге санкция жарыялады.

Ядролук коркунуч

Кол салуунун 4-күнү Орусиянын Президенти Владимир Путин Орусиянын ядролук ооздуктоочу күчтөрүн өзгөчө режимдеги нөөмөткө өткөрүү буйругун берди.

АКШ, Евробиримдик жана алардын өнөктөштөрү Орусиянын Украинага согуш ачканы үчүн санкцияларды катаалдатып, айрым орус банктарын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрдү.

Европа Биримдиги аба мейкиндигин жапты

Европа Биримдиги Москванын Украинага кол салганына байланыштуу орусиялык аба компанияларга жана жеке менчик учактарга өз аба мейкиндигин толук жапты. Андан сырткары Швеция, Норвегия, Исландия, Молдова, Түндүк Македония, Албания жана Канада аба мейкиндигин жапты.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүү

Украина менен Орусиянын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүү дүйшөмбү күнү беларус-украин чек ара аймагында өттү. Зеленский "биз каалагандай жыйынтык ала алган жокпуз" деп билдирди.

Спутниктен тартылган сүрөт жана видеолор

Американын Maxar спутник маалымат агенттиги, узундугу 65 километр келген орус аскер кербени Киевге карай илгерилеп баратканын жарыялады.

352 жай тургун набыт болду

Украинда курмандыктардын саны 352ге жетти. Алардын 14ү бейкүнөө балдар экени маалымдалды. Дагы 1684 жаран ар кандай жаракаттарды алышты. Коңшу өлкөлөргө баш калкалаган украиналыктардын саны 400  миңден ашты.

Украинадагы түрктөрдү эвакуациялоо

Украинада жашаган түрктөрдү эвакуациялоо уланууда.Айрымдары Одесса, Киев, Харьковдон автобустар менен Түркияга алынып келди. Дагы бир топ Румыния аркылуу эвакуацияланды. 

Anahtar Kelimeler: Украина,

Жаңылыктар