Орусияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина катталды

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Саламатык сактоо министрлиги "КовиВак" деп аталган COVID-19дун үчүнчү вакцинасын каттаганын билдирди.

20 Şubat 2021 22:14

Орусияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина катталды. Бул тууралуу  өкмөт башчы Михаил Мишустин билдирди.

Ал – Орусия Илимдер академиясынын М.П.Чумаков атындагы Федералдык изилдөө жана иштеп чыгуу илимий борбору даярдаган “КовиВак” вакцинасы.

Премьер-министрдин айтымында, жаңы вакцина алгач 127 миң адамга жеткидей болуп даярдалып, март айынын ортосуна жарандык коргонууга жөнөтүлөт. Ошентип Орусия коронавируска каршы 3 вакцинаны өндүрүп, аны каттоодон өткөргөн дүйнөдөгү алгачкы өлкө болуп калды.

Орусияда буга чейин Николай Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук илим изилдөө борбору чыгарган "Спутник V" вакецинасы жана “Вектор” борбору чыгарган "ЭпиВакКорона" вакцинасы расмий катоодон өткөн.

Жаңылыктар