Орусияда куш тумоосу адамга жуккан алгачкы учур катталыды

Орусияда H5N8 вирусу адамга жуккан алгачкы учур катталып, лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова билдирди.

20 Şubat 2021 22:04

Орусияда куш тумоосунун H5N8 вирусу адамга жуккан алгачкы учур катталып, лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова билдирди.

Окумуштуулар Россиянын түштүк тарабындагы канаттуулар фабрикасында иштеген жети кызматкерден аталган илдеттин генетикалык материалын алышкан. Бул аймакта 2020-жылдын декабрында канаттуулар арасында куш тумоосу аныкталган. Бул дүйнөдөгү алгачкы учур.

Попованын айтымында, жогорудагы жети кишинин тең абалы жакшы, оору жеңил өткөн Ал баса белгилгендей аталган вирус азырынча адамдан адамга жукпайт.

Попова учурдагы абал боюнча ДССУ маалыматтандырылганын баса белгиледи.

Жаңылыктар