Орусияга кандай санкциялар киргизилүүдө?

АКШ, Британия, Канада жана Евробиримдик Украинанын эгемендигин бузган Орусияга каршы бир катар санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды. Санкциялык тизмекке киргендердин арасында Путин менен Лавров да бар.

26 Şubat 2022 11:03

Орусияга каршы санкциялар кеңейтилүүдө.

АКШнын санкциялары

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын Украинага кол салышы боюнча билдирүү жасап, Москвага жаңы санкциялардын топтому салынганын жарыялаган. Ал өз билдирүүсүндө “Путин согушту тандап алды. Ал жана Орусия мындан аркы кесепеттерди эми жон териси менен сезет. Бул санкциялар дароо жана убакыттын өтүшү менен орус экономикасына олуттуу таасир этет”,-деген.

Байден Орусиянын активи бир триллион доллардан ашкан ВТБ банкы Кошмо Штаттардын финансылык системасынан ажыратылганын кабарлаган. Мындан сырткары СберБанк, "Газпромбанк", "Открытие", Совкомбанк жана Новикомбанкка дагы санкция салынган. Байден, жаңы чектөөлөр орус олигархтарына жана ал өлкөнүн технологиялык секторуна да терс таасир этерин кошумчалаган.

АКШ эми Орусиянын президенти Владимир Путинге жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго санкция салууну чечти. Санкция салынгандардын арасында Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин 11 мүчөсү да бар.

Президент Жо Байден «Орусия стратегиялык жана экономикалык жактан катуу таасир алат. Санкциялар ракеталар сыяктуу эффективдүү болот»,-деп билдирди.

Ал арада АКШнын Соода министрлиги Орусиянын коргонуу, аэрокосмостук жана деңиз тармагына айрым экспорттук чектөөлөр киргизилгенин жарыялады. Ага ылайык Орусияга экспорттолушу пландалган компьютер, телекоммуникациялык продуктылар, маалымат коопсуздук жабдуулары, лазер жана сенсорлорго чектөөлөр киргизилет. Ошондой эле орусиялык 49 аскердик ишкана кара тизмеге киргизилди.

Евробиримдик Путин менен Лавровду санкциялык тизмеге киргизди

Брюсселде Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Орусиянын президенти Владимир Путин менен тышкы иштер министри Сергей Лавровдун активдерин камакка алууну макулдашты. Бул туралуу Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борелл билдирди.

Европа Биримдиги буга чейин да санкциялар пакетин кабыл алган. Аталган санкциялар “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган аймактардын “көз карандысыздыгын” таануусуна жооп катары кабыл алынган.

Санкцияга аталган аймактарды таануу тууралуу президент Владимир Путиндин кайрылуусуна добуш берген Орусиянын Мамлекеттик думасынын 351 депутатына жана жогорку даражалуу 27 аткаминер илинген. Алардын ичинде өкмөт мүчөлөрү, аскердик кызматкерлер, бизнесмендер жана башкалар бар.

Санкцияга ылайык, алардын Евробиримдикке киришине жана аймак аркылуу өтүүсүнө тыюу салынып, уюмга мүчө мамлекеттердеги активдери камакка алынган.

Британиянын Орусияга каршы экономикалык санкциялары

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өз өлкөсү чукул арада орусиялык бизнеске каршы катуу санкцияларды киргизерин, Ага ылайык Орусиялык бардык ири банктарлын Британиядагы активдери тоңдурулуп, бир катар жогорку технологиялык экспортко тыюу салган мыйзамдар кабыл алынынаарын жарыялаган.

Орусиянын мамлекеттик жана жеке компанияларына Британияда каражат чогултууга, баалуу кагаздар менен соода жүргүзүүгө жана кредит алууга тыюу салынып, 100дөн ашуун орусиялык субъектилерге жаңы санкциялар киргизилди.

Борис  Жонсон Орусиянын президенти Владимир Путинге жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго санкция салынаарын жарыялады.

Канада Путин менен Лавровго санкция салды

Канада Путин менен Лавровго санкция салганын өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо жарыялап, расмий Оттава Орусияны SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан ажыратуу демилгесин да колдой турганын айтты.

 

Anahtar Kelimeler: Орусия, санкция,

Жаңылыктар