7-8

Орусияга каршы БУУнун Эл аралык соту 7-8-март күндөрү өтөт

БУУнун Эл аралык соту "Агрессияны актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартуу боюнча Украинанын доосун 7-8-мартта карайт.

02 Mart 2022 11:52

Украина Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна кайрылганы маалым.

Өлкө президенти В. Зеленский, "Агрессияны актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартууну талап кылабыз. Соттон Орусияга аскердик аракеттерин тез арада токтотууга буйрук берүүнү жана соттук териштирүүнү кийинки аптада баштоону өтүнөбүз", - деп билдирген.

Эл аралык сто Орусияны жоопко тартуу боюнча Украинанын доосун 7-8-мартта карай турганын жарыялады.

Орусияга эскертүү

Эл аралык сот Орусияны эскертип, жарыяланышы мүмкүн болгон буйруктардын таасирин жокко чыгара турган аракеттерден алыс болууга чакырды. 

Белгилей кетсек, Орусия, Эл аралык соттон орду толгус зыяндарды болтурбоо жана укуктардын бузулушуна жол бербөө үчүн шашылыш "чара чечими" чыгаруусн талап кылган.

Орусиянын  дооматы

Орусиянын Президенти В. Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган.

Андан соң Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирген.

Владимир Путин  Орусиянын максаты "Киев тарабынан геноцидге дуушар болгон элди коргоо, Украинаны нацизм менен милитаризмден тазалоо" экенин билдирген.

Anahtar Kelimeler: Орусия, сот, , Бириккен Улуттар Уюму,

Жаңылыктар