Османие Коркут Ата университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети кызматташат

Османие Коркут Ата Университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети өз ара кызматташуу боюнча протоколго кол койду.

24 Ekim 2021 12:49

 

Османие Коркут Ата университетинин ректору, профессор Тургай Узун жана аны коштогон делегация Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетине барды. Сапардын алкагында эки окуу жай ортосунда академиялык кызматташтык протоколуна кол коюлду. Кол коюу аземине Османие Коркут Ата университетинин ректору, профессор Тургай Узун жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпарслан Жейлан катышты.

Келишимдин максаты – эки окуу жайдын окутуучуларын, изденүүчүлөрүн, изилдөөчүлөрүн, студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды алмашуу боюнча иш жүргүзүү, илимий байланыштарды чыңдоо, орток илимий изилдөөлѳрдү жүргүзүү, илимий жана маданий (илимий-практикалык конференция, симпозиум, тегерек стол, семинар, студенттик олимпиадалар ж.б.у.с.) иш-чараларды уюштуруу, усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүү.

 

 

Anahtar Kelimeler: Османие Коркут Ата университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети,

Жаңылыктар