Османиеде жасалган теспелер дүйнөгө сатылат

Османие облусуна караштуу Бахче районунда теспе жасаган 40 устакана иштейт. Теспелер ички базарга сунушталып гана тим болбостон 50дөн ашык мамлекетке экспорттолот. Жыгач, янтарь жана башка таштардан жылына 3 миллион теспе жасалат.

29 Ocak 2022 12:55

Бахче районунда жасалган теспелер негизинен Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. Райондо янтарь ташы көп болгондуктан теспе жасоо өнөрү өнүккөн. Мындан 10 жыл мурда райондо 10 гана устакана болгон болсо, учурда 40 устакана бар. Устаканаларда 300дөн ашык уста эмгектенет.

Устаканаларда жылына 3 миллион теспе өндүрүлөт. Анын  1 миллион 400 миңи Европа жана Жакынкы Чыгыш баш болгон 50дөн ашык өлкөгө экспорттолот. Калганы ички рынокто сатылат.

Ал арада акимчилик янтарь, жыгач жана башка таштардан жасалган теспелерди жайылтуу, бренддөө жана стандартташтыруу боюнча иш алып барып келет. Бул үчүн атайын топ түзүлүп, «Бахче теспеси» брендин дүйнөгө танытуу максатталууда. Учурда атайын интернет сайт ачылган. Интернеттен сатылган теспелерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү «Айылдарды тейлее фондуна» которулат да айылдык мектептерди жакшыртууга сарпталат.

Андан сырткары теспе өнөр жайын ​​ачуу караштырылууда.

Anahtar Kelimeler: теспе, Османие, Түркия,

Жаңылыктар