Осмон дөөлөтүнүн Балкан аймагындагы эң маанилүү аскердик аймактарынын бири болгон Хыдырлык бастиону

Балкандагы түрктөрдүн 600 жылдык тарыхын баяндаган Эдирнедеги Балкан тарых музейине соңку 4 айда 16 миң киши келди.

18 Mayıs 2022 13:33

Осмон дөөлөтүнүн Балкан аймагындагы эң маанилүү аскердик аймактарынын бири болгон Хыдырлык бастиону музейге айландырылганы маалым.

Музейде  Мехмет Шүкрү Паша жана Осмон падышасы Фатих Султан Мехметтин айкелдерин көрүүгө болот. Ошондой эле Кызылайдын согушка кийлигишүү учуру силикон скульптуралар менен чагылдырылган.

Музейге коюлган көргөзмөлөр Осмон империясынын Балкан аймагындагы 600 жылдык үстөмдүгүн камтыйт. Музейге тарыхый баалуулуктар жана Балкан согуштары туралуу маалыматтар жайгаштырылган. Ар бир тарыхый окуя боюнча макеттер жасалып, үн менен коштолгон. Андыктан Музейди кыдыргандар кудум ошол доорду башынан өткөрүп жаткандай сезилет.

Музейде 22 кеңсе, 18 артиллериялык бөлмө, 120 метрлик туннель жана 4 коридор бар.

Музейде «Эдирнеден өткөн султандар», «Балкан аймагындагы Осмон архитектурасы», «Балкан аймагы Осмон бийлиги астында», «Эдирнени Осмон дөөлөтүнө каратуу», «Эдирнеден өткөн командирлер», «Балкан согуштарынын күндөлүгү», «Фронтто кийинүү жана тамактануу», «Согуш учурундагы жугуштуу оорулар жана качкындар», туралуу кеңири маалымат алууга болот.

Жаңылыктар