Осмон дөөлөтүнүн Балкан аймагындагы изи: «Алперендер үйү»

«Жердин бейиши» аталган Босния жана Герцеговина тарыхый баалууктарга жана табигый кооздуктарга бай өлкө.

15 Nisan 2022 11:33

Кылымдар бою Осмон империясынын карамагында турган Босния жана Герцеговинада ошол мезгилге таандык мечит, көпүрө, мейманкана, түрк мончолору, китепкана жана бир катар медреселер жайгашкан.

Өлкө жашыл токойлору, керемет эс алуу жайлары жана шаркырап аккан мөлтүр дарыялары менен көргөндөрү тамшандырат.

Тарыхый алперендер үйү Мостар шаарына жакын Балагайда жайгашып, өзгөчө кооз. Буна дарыясынын боюнда жайгашкан тарыхый жайда, Балкан аймагындагы элдердин исламдашуусуна ири таасир тийгизген Түркиялык белгилүү олуялардын бири Сары Салтуктун күмбөзү да жайгашкан.

Anahtar Kelimeler: «Алперендер үйү», Босния жана Герцеговин,

Жаңылыктар