Осмон дөөлөтүнүн борбору болгон шаарларга «туристик маршурт» уюштурулат

«Осмон дөөлөтүнүн борборлору» аталыштагы туристтик маршурт кызмат көрсөтө баштайт.

06 Mayıs 2022 12:47

Билежик, Бурса, Эдирне жана Стамбул шаарлары...

Аты аталган төрт тарыхый шаар, кезинде, Осмон дөөлөтүнүн борбор шаарлары болгон. Түркиянын Туризм жана Маданият министрлигинин Эдирне шаарындагы өкүлчүлүгү туристтер үчүн «Осмон дөөлөтүнүн борборлору» деп аталган маршурт ачууну пландоодо.

Эдирне облустук маданият жана туризм директору Кемал Сойтүрктүн маалыматына караганда жаңы маршурт, Осмон маданиятын алдыңкы планга алып чыгуу жана аны элге кеңири жайылтуу, танытуу максатын көздөйт.

Осмон дөөлөтүнүн руху таанытылат

Аталган маршурт менен саякатка чыккандар Осмон дөөлөтүнүн маданияты, тарыхы, күнүмдүк жашоосу, гастрономиясы, үрп-адаттары, деги эле Осмон империясынын бардык аспектилери менен тааныша алат.

Маршурт, Осмон дөөлөтүнүн алгачкы борбору Билежиктен башталат да акыркы борбору Стамбулда жыйынтыкталат. Бул маршурт менен саякатка чыккандар 4 шаарды кыдырып, Осмон дөөлөтүнүн баалуулуктарын өз көзү менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Аталаган маршуртту түзүүгө академиктер, туризм адистери жана туроператорлор колдоо көрсөтүүдө.

Эдирне шаары

Сойтүрктүн айтымында Эдирне шаары Осмон империясын эң жакшы чагылдырган шаарлардын бири.

Шаарда Осмон дөөлөтүнө таандык бир катар тарыхый баалуулуктар бар.

Стамбул шаары Осмондорго каратылып, борбор шаар Стамбулга көчүрүлгөндөн кийин да Эдирне шаары мурунку маанисин жоготкон эмес. Падышалар Эдирнеге утур келип турушкан. Шаарга өзгөчө көңүл бурушкан. Бир катар тарыхый имараттарды салдырышкан. Алсак Падыша II Селим атактуу архитектор Мимар Синанга айтылуу Селимие мечитин салдырган. Ошондой эле Осмон дөөлөтү учурунда шаарда илим, искусство, адабият жана маданият болуп көрбөгөндөй өнүккөн.

Жаңылыктар