Осмон дөөлөтүнөн калган керемет чеп: Боябат чеби

Синоптогу Боябат чеби Түркиядагы керемет чептердин катарын толуктайт. Аталган чеп Маданият жана туризм министрлигинин тизмегинде 5-орунда.

03 Mayıs 2022 09:33

Боябат чеби Синоп облусуна караштуу Боябат районундагы Гөкырмак өрөөнүндөгү тик дөңсөөнүн үстүндө жайгашкан.

Тарыхый чеп качан жана ким тарабынан салынганы туурасында кеңири маалымат жок. Анткен менен оймо чиймелеринде Рим жана Византия дооруна таандык көрүнүштөр бар. Ошондой эле Осмон архитектурасынын өзгөчөлүктөрү кездешет. Андыктан тарыхчылар, Боябат чеби, Рим жана Византия доорунда салынып, Осмон доорунда ар тараптуу жаңылануудан өткөрүлгөн деп эсептешет.

Боябат чеби эң кооз чептердин катарын толуктайт

Боябат чебинин пайдубалы болжол менен 3 миң жыл мурда түптөлгөн.

Маданият жана туризм министрлиги, 2018-жылы, Түркиянын аймагындагы  эң кооз 13 чептин тизмегин жарыялаган. Аталган тизмекте Боябат чеби 5-орунда турат.

Чептин айлана тегереги көрктөндүрүлөт

Маданият жана туризм министрлигинин Синоптогу өкүлү Метин Сүрендин маалыматына караганда Боябат чеби 2000-жылдары оңдоодон өткөрүлгөн. Археологиялык казуулар учурунда, шаар менен байланышы бар туннель табылган. Жакын арада чептин айлана тегерегин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. 

 

 

 

Жаңылыктар