Осмон дөөлөтүнүн Крымдагы издери: Чоргуна мунарасы

Чоргуна айылындагы тарыхый мунара XVI кылымда тургузулган.

13 Ağustos 2021 22:25

 

Крым татарлары арасында «Чоргун айылындагы тарыхый үй менен мунараны Осмон казысы курган»,- деген кеп бар. Ал казы «Кара Казы» деген ат менен таанымал болгон. Бирок бул маалымат тарыхый жактан тастыкталган эмес.

Мунара туралуу белгилүү саякатчы Евлия Челеби алгач ирээт эскерип, 1660-жылдары тарыхый үйгө конок болгонун жазат. Ал кездери тарыхый үй менен мунаранын ээси Мустафа жана Ахмет деген адамдар болгон.

«Чоргуна мунарасынын темир дарбазалары бар. Анын алдында асма көпүрөлөр турат»,-деп жазган саякатчы.

XIX кылымда белгилүү изилдөөчү Александр Бертие де-Гард, тарыхый мунараны иликтеп, ал коргонуу максатында курулган эмес деген жыйынтыкка келет. Анткен менен мунаранын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн карап көрсөк, жарым жартылай болсо да коргонуу функциясына ээ болушу мүмкүн.

Anahtar Kelimeler: Чоргуна мунарасы, Крым,

Жаңылыктар