Осмон дөөлөтүнүн Крымдагы издери: Еникале (Жаңы чеп)

Еникале тарыхый Керчь шаарынын 10 чакырым чыгышында, Керч кысыгынын жээгинде жайгашкан.

20 Ağustos 2021 21:36

XIV кылымда Генуялыктар Керч кысыгынын жээгине чакан сепил курушкан. Бул сепил 1631-жылы Запорождук казактар тарабынан талкаланган.

1696-жылы Орус армиясы Азов сепилин өзүн караткан. 1700-жылы Осмон дөөлөтү Азов сепилиндеги орус бийлигин таанууга аргасыз болгон. Муну менен катар Осмон бийлиги, орустардын деңиз флотун Кара Деңизге чыгарбоо үчүн алдын алуу чараларын көрө баштаган. Натыйжада 1702-жылы Керч кысыгынын жээгине чеп куруу боюнча чечим кабыл алынган.

1703-жылы чептин курулушу башталган. Анын курулушун француз адистер көзөмөлдөгөн. Чептин курулушу 1710-жылы бүткөрүлүп, ал Еникале деп аталып калган. Еникале кыргыз тилинде «жаңы чеп» деген маанини түшүндүрөт.

1771-жылы Василий Михаилович Долгоруков жетектеген орус армиясы Еникале чебин басып алган. Үч жылдан кийин расмий түрдө (Күчүк Кайнаржа келишими) Орус Империясынын колуна өткөн.

Чептин ичинде оорукана, мечит, мончо, казарма ж.б. имараттар болгон.

1880-жылы чептин ишмердүүлүгү толук токтогон. Ал эми Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда аскердик максатта пайдаланылган.

Бүгүнкү күнгө чептин урандылары гана келип жетти. Ал жактагы казарма, мечит, мончо ж.б. имараттар толук жок болуп кеткен. 

Anahtar Kelimeler: Еникале (Жаңы чеп), Крым,

Жаңылыктар