Осмон дөөлөтүнүн негиздөөчүлөрү болгон Осмон Гази жана Орхон Газинин күмбөздөрү

Бурсанын борбордук Османгази районунда жайгашкан тарыхый күмбөздөрү көрүүгө  келген меймандардын саны арбын

15 Nisan 2022 11:34

Бурсанын борбордук Османгази районунда Топхане деп аталган парк орун алган. Аталган паркта тарыхый саат мунарасы, Боштондук согушунун шейиттеринин эстелиги, Осмон Гази жана Орхан Газинин күмбөздөрү жайгашкан. Аталган тарыхый эстеликтердин бардыгы шаардагы маанилүү курулуштарынын катарын толуктайт.

Ыйык Рамазан айы келгенден тарта Осмон Гази жана Орхон Газинин күмбөздөрүн көргөнү келген меймандардын саны артты.

Белгилей кетсек, Осмон Империясынын негиздөөчүсү Осмон Гази Бурса шаарына жакын жайгашкан Сөгүт шаарчасында көз жумган. Ал, көз жумаар алдында түрктөр Бурса шаарын алуу үчүн согушуп жаткан. Анын сөөгү өзүнүн керээзи менен Бурса шаарына көмүлгөн. Осмон Газинин сөөгү көмүлгөн жер мурда Византияга таандык чиркөө болгон.

Күмбөз, 1801-жылда чыккан өрттөн жана 1855-жылдагы жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан. 1863-жылы Султан Абдулазиздин буйругу менен жаңыланган.

Сегиз кырдуу, үстү купол менен жабылган күмбөздүн чок ортосундагы жыгач саркафог Осмон Газиге таандык. Ал бермет менен кооздолуп,  алтын саймалуу баркыт менен капталган.

Күмбөздө жалпы 17 саркофаг бар. Алардын айрымдары Осман Газинин уулу Алааддин бейге, Орхан бейдин жубайы Аспорча Хатун, анын уулу Ибрахим бейге жана I Мураттын уулу Савжы бейге таандык.

Азыркы күнгө чейин бир нече ирээт оңдоодон өткөн күмбөз, 2014-жылы Дүйнөлүк мурас тизмегине киргизилген.

Anahtar Kelimeler: Осмон Гази жана Орхон Газинин күмбөздөрү,

Жаңылыктар