Пакистандагы түрк архитекторунун эмгеги: Шах Файсал мечити

Исламабаддын символу, дүйнөдөгү эң чоң мечиттердин катарында турган Шах Файсал мечитинин долбоору түрк архитектору Ведат Далокайга таандык.

18 Nisan 2021 19:26

Жашыл талаа менен токой арасында тигилген чатырды элестеткен “Шах Файсал мечити” Пакистандын борбору Исламабад шаарынын четинде жайгашкан. Гималай тоосунун башталышындагы Маргала улуттук паркына жанаша салынган мечит дайымкы биз көнгөн салттуу мечиттерден айырмаланып турат.

Дүйнөдөгү эң чоң мечиттердин катарына кирет. Жалпы аянты 5 миң чарчы метрге жетип, 100 миңден ашуун адамды кабыл ала алат.

Шах Файсал деп аталып калганын себеби, 1966-жылы Сауд Арабиясынын шахы Файсал ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Исламабадга жасаган сапарында мечит салуу сунушун киргизген. Анын негизинде 1969-жылы эл аралык конкурс жарыяланып, 43 өлкөдөн катышкан 17 долбоордун арасынан түрк архитектору Ведат Далокайдын долбоору жактырылган.

1976-жылы Сауд Арабиясынын өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен курула баштаган. Шах Файсал мечитти курууга 120 миллион доллар салым кошуп,  ал 1986-жылы салынып бүткөн. Ошол эле жылы ачылыш аземи болуп, курулушуна чоң салымын кошкон Файсал ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун ысымы мечитке ыйгарылган.

Төрт бурчунда орун алган 90 метр бийиктиктеги мунаралары кечкисин айланасына шам сымал жарык берип турат.

Ал эми негизги намазкана залынын так ортосундагы заманбап асма шам өзгөчө көрк берип турат.

Эл аралык ислам университети да мечиттин аймагында орун алган.

Мечиттин тегерегинде сувенирлерди саткан дүкөндөр бар.

 


 

Anahtar Kelimeler: Шах Файсал мечити, Ведат Далокай, Пакистан, Исламабад,

Жаңылыктар