Президент Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Эрдоганды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарында, Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды.

16 Haziran 2022 10:02

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, иш сапары менен Бишкек шаарына келген Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бурса провинциясындагы Изник шаарында IV - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакынкы келечекте өнүктүрүү маселелери жана бул демилге алкагындагы иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап мындай эл аралык масштабдуу иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Конфедерациянын тарыхын айтып берип, Уюм дал ушул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн аркасында түзүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле Уюштуруу комитети жасап жаткан иштерге токтолду.

Билал Эрдоган Изник шаары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө тандалганы кокустан эместигин белгиледи.

Биринчиден шаар көл жээгинде жайгашып, Ысык-Көлдү эске салат. Экинчиден, анын аймагында биздин доордун экинчи миң жылдыгынын башында бул шаарды алуу учурунда курман болгон кыргыз жоокерлери үчүн эстелик Мемориалы орун алган.

Президент Садыр Жапаров иш-чарага даярдык көрүүдө ийгилик каалап, өлкөбүздүн ага активдүү катышууга даярдыгын тастыктады.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин 3 ирээт Кыргызстанда өткөн. IV - Дүйнөлүк көчмөндөр 29-сентябрь 2022-жылы Бурса провинциясындагы Изник шаарында өтөт.

Жаңылыктар