Президент Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

13 Ekim 2020 21:28

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үч күндүн ичинде борбор калаанын аймагында буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабагандыгы менен негизделген.

Ага ылайык, Бишкекте өзгөчө абал 12-октябрдан тартып 19-октябрга чейин кечки саат 20.00дөн баштап таңкы саат 07.00гө чейин болот. 

Бишкектеги кырдаалга милиция жана аскерлер көзөмөл кылууда

Учурда Бишкектеги кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылууда.

Бишкек шаарынын аймагына киргизилген Өзгөчө абалдын талабына ылайык шаарды курчай блок-посттор коюлган.

Эске сала кетсек 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын тарапкерлери акцияга чыккан.

Ал массалык тополоң менен коштолуп, митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын ээлеп алышкан.

Садыр Жапаров абактан бошотулуп, анын тарапташтары 5 күн боюнча митинг өткөрүшкөн.

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамы бекитилген. 

Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын президент Сооронбай Жээнбеков бекиткенден кийин гана расмий кызматка кирише алат. 
 

Жаңылыктар