15

Президент Эрдоган Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинде Кипрдагы көйгөйдү жөнгө салууга басым жасады

Эрдоган: «Бардык дос жана боордош мамлекеттерди Түндүк Кипр Түрк Республикасынын маселени жөнгө салууга багытталган көз карашын баалоосун өтүнөм»

28 Kasım 2021 14:15

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышты. Саммиттеги кайрылуусунда мамлекет башчысы терроризмге каршы биргелеше күрөшүүгө өзгөчө басым жасады.

«Биздин аймак ПКК, ЙПГ, ФЕТО жана ДЕАШ сымал террордук уюмдардан тазаланганда гана тынчтык, ырааттуулук жана экономикалык өнүгүү ылдамдайт»,-деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле Кипрдагы көйгөйдү жөнгө салууга токтолду.

«Кипр көйгөйүн жөнгө салуудагы негизги ачкыч-Кипр түрк элинин эгемендик теңдигин жана эл аралык статусун каттоо. Андыктан бардык дос жана боордош мамлекеттерди Түндүк Кипр Түрк Республикасынын маселени жөнгө салууга багытталган көз карашын баалоосун өтүнөм»- деди ал.

Эрдоган аймактагы транспорттук инфраструктурагы өнүктүрүү маселесине токтолду. «Бул жааттагы аракеттерибиз тынымсыз уланууда. Сооданын көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүү зарыл»,-деди.

Ооганстандагы кырдаал

Президент региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенине өзгөчө көңүл бурду. Ал аймактык коопсуздук маселесине токтолуп, Афганстандагы кырдаал ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи. Бүткүл аймакка таасир эте турган качкындар кризисинин алдын алуу үчүн экономикалык активдүүлүктү жандандыруу зарылдыгын айтты.

Азербайжанда колдойбуз

«Азербайжандын аймактагы гүлдөп-өнүгүүнү жогорулатуу үчүн таштаган кадамдарын жогоруу баалоо керек.  Түркия ар дайым Азербайжанды колдойт»-деди Эрдоган.

 

Anahtar Kelimeler: Эрдоган, Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммити,

Жаңылыктар