Президент Эрдоган Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү жасап, Орусиянын операциясы кабыл алынгыс экенин айтты

Эрдоган: "Украинада жашаган ар бир адамдын, өзгөчө өз жарандарыбыздын жана татар боордошторубуздун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өз салымыбызды кошобуз. Аскердик операцияны кабыл алынгыс деп эсептейбиз жана аны четке кагабыз.

24 Şubat 2022 15:15

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Президенттик резиденцияда Эл аралык демократтар биримдигине кайрылды. Ал кайрылуусунда төмөнкүлөргө токтолду.

"Орусиянын аскердик аракети кабыл алынгыс"

Түркиянын Президенти Эрдоган: "Украинада жашаган ар бир адамдын, өзгөчө өз жарандарыбыздын жана татар боордошторубуздун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өз салымыбызды кошобуз. Аскердик операцияны кабыл алынгыс деп эсептейбиз жана аны четке кагабыз. Эл аралык эрежеге дал келбеген бул кадам; аймактагы тынчтык, бейпилдик жана стабилдүүлүк үчүн оор сокку",- деди.

"Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз"

Эрдоган Зеленскийге жолукканда Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдиргенин маалымдады.

"Тараптарды диалогго чакырабыз"

Мамлекет башчысы; "терең тарыхый байланыштарга жана достук мамилелеге  негизделген Орусия менен Украинаны, ортодогу көйгөйдү Минск келишиминин алкагында диалог аркылуу чечүүгө  дагы бир жолу чакырабыз",-деди.

Anahtar Kelimeler: Эрдоган, Украина, Орусия,

Жаңылыктар