Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Баку-Бишкек» түз аба каттамын калыбына келтирүүнү сунуш кылды.

09 Nisan 2021 17:02

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-апрелде, Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки өлкө ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен салттуу достук байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Ошондой эле саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле Садыр Жапаров «Баку-Бишкек» түз аба каттамын калыбына келтирүү маселесине токтолуп, бул маселенин оң жагына чечүүнү караштырып, тездетүүнү сунуш кылды.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров азербайжан тарапка эки долбоорду — Бишкек шаарындагы Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектептин курулушун ишке ашырууга каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Азербайжан башчысынын Кыргызстанга боло турган алдыдагы иш сапарына карата аталган курулуштар аяктаарын кошумчалады.

Элчи Гидаят Оруджев Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Садыр Жапаровго жолдогон саламын айтып, анын жетекчилиги астында өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары тереңдейт деген бекем ишенимин билдирди.

Ошондой эле ал Азербайжан тараптын Кыргызстанга жаңы инвестицияларды тартууга даяр экендигин маалымдап, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн колдонула элек чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.

Гидаят Оруджев Азербайжандын президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан реформалар саясатын колдой тургандыгын баса белгилеп, өз мамлекетинин жетекчилигинин атынан мамлекет башчысын Азербайжанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек Баку-Бишкек-Баку аба каттамы 2014-жылдын 27-октябрында ачылып, көп өтпөй кайра токтоп калган.

 

Anahtar Kelimeler: Садыр Жапаров, Баку-Бишкек, Кыргыз Республикасы, Азербайжан Республикасы,

Жаңылыктар