Президент Садыр Жапаров Стамбулдагы ТМКК саммитинде сөз сүйлөдү 

Жапаров: «Кыргызстан - түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү. Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да активдүү катышат жана түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстеринин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошот»

12 Kasım 2021 19:15

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына жакын жердеги демократия жана эркиндик аралында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Саммитине катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы боордош мамлекеттердин бүгүнкү саммитке катышып жаткан башчылары менен көрүшүп жатканыма чексиз кубанычта экендигин билдирди.

Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүн позитивдүү маанайда белгилеп, анын дүйнөлүк коомчулукта активдүү таанылганын, түрк интеграциясынын эң башкы жана абройлуу платформасына айлангандыгын баса белгиледи.

Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин аталышын “Түрк мамлекеттер уюму” деп өзгөртүлүшүн толук колдорун айтты. Бул чечим Уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнө, анын эл аралык аренада өз позициясын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, ишмердүүлүк чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү берээрине ишеним билдирди.

«Ушуга байланыштуу, кыргыз тарабы Казакстандын туңгуч Президенти, урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» стратегиялык документин толугу менен колдойт, ошондой эле аталган документ түрк дүйнөсүнүн келечектеги артыкчылыктуу багыттарын көрсөтөт жана «жол картасы» катары негизги ролду ойнойт деп эсептейт»,- деди ал.

Садыр Жапаров Кыргызстан - түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү экендигин баса бегилеп, Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да активдүү катышаарын жана түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстеринин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошорун кошумчалады.

«Биздин тарыхыбыз да, тилибиз да бир, ата-бабаларыбыздан керээз калган насаатты ыйык тутуп, мындан ары да биргебиз жана биримдиктебиз.

Биздин күчүбүз – ынтымакта жана биримдикте!»,- деп белгиледи ал.

Өз кезегинде  Кыргызстанда түрк уюмдарынын жоктугун эске алып, Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуштады.

Anahtar Kelimeler: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, Садыр Жапаров,

Жаңылыктар