Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында элге кайрылды

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу элге, саясий жарышка катышып жаткан партияларга кайрылды.

02 Ekim 2020 21:43

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу 2-октябрда элге, саясий жарышка катышып жаткан партияларга кайрылды.

Кайрылууда Жээнбеков үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өткөнүн, эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгенин билдирди.

Президент, шайлоо өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этээирн айтып, ар бир жаранды тандоо укугун өзсүз пайдаланууга чакырды.

Жээнбеков калыс шайлоо өткөрүш үчүн бардык шарттар түзүлүп, мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталганын, жараяндын бардык баскычтарында шайлоо адилеттигин камсыз кылууга аракет болгонун белгиледи.

Ошондой эле шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын лидерлерине, талапкерлерге кайрылып, үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн айтты. Аларды мыйзам чегинен чыкпоого чакырды.

«Добуш сатып алуу мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей, жеке дымагына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чара көрүлөрүн унутпайлы», деген Жээнбеков элди шайлоого катышып, саясий тандоосун сөзсүз билдирүүгө үндөдұ.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессин ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. 

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген персоналдуу маалыматтардын негизинде түзүлдү. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тизмени тактап, шайлоочулардын саны 3 523 554 жаранды түздү. Учурдагы мыйзамдар боюнча № 2 форманы толтургандардан тышкары ар бир жаран катталган жери боюнча добуш берет. № 2 форма боюнча өзүнчө токтолгум келет, аны менен бир киши бир нече жолу добуш берсе болот экен деген ушак-айыңдар айтылууда. Автоматташтырылган система буга жол бербейт, анткени манжа изи гана идентификацияланбастан, адам жүзүн таануу дагы жүргүзүлөт. Бир киши бир эле жолу добуш бере алат. Башкача айтканда, автоматташтырылган биометрикалык система добуш берүүнүн экинчи аракетине бөгөт коет», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишпөө керектигин эскертти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, алдыдагы парламенттик шайлоого карата 3 млн 523 миң 554 шайлоочу катталган.

Быйылкы парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышууда:

1. «Ата-Мекен»
2. «Бир-Бол»
3. «Биримдик»
4. «Замандаш»
5. «Кыргызстан»
6. «Мекеним Кыргызстан»
7. «Мекеним Ынтымагы»
8. «Мекенчил»
9. «Ордо»
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Республика»
12. «Реформа»
13. «Социал-Демократтар»
14. «Чоң Казат»
15. «Ыйман Нуру».
16. «Бүтүн Кыргызстан».

 Парламенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн партиялар 7 пайыздык босого чекти ашып, 142 миңден кем эмес добуш топтошу керек.

Жаңылыктар