Президент Жапаров Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров: Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды

04 Nisan 2022 23:34

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кайрылуу жасап,  Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялады.

"Центерра менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге жаңы эле кол коюлду.

Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз –Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык.

Ошентип, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү!

Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек!

Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!",-деди мамлекет бшачысы.

Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү.

 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат Кыргызстандын менчик экендиги расмий түрдө таанытылды.

Мындан тышкары, "Центерра" Кыргызстанга өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн АКШ долларын түзөт.

Дагы бир жетишкендик – "Центерра" кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. 

"Кумтөр" кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук Кыргызстанга кайтарылып, 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген.

"Центерра" 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты.

"Центерра" АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду.

Ал эми "Кыргызалтын" ачык акционердик коому „Центеррадагы“ 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда "Центерра" аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.

Жапаров "Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат",-деди. 

Anahtar Kelimeler: Кумтөр, Кыргызстан, Жапаров,

Жаңылыктар