Президент Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрүндө расмий сапар менен Түркмөнстанда болду.

28 Haziran 2021 23:51

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда расмий сапардын биринчи күнү Мамлекет башчысы өлкөнүн туңгуч Президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана  Түркмөнбашынын Рухий мечитине зыярат кылды.

Андан кийин Садыр Жапаров Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, ошол жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду.

Ошону менен бирге Президент Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышты. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда ар кыл тармактарда кызматташуу жөнүндө бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Расмий сапарынын экинчи күнү Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин бетме-бет жана кеңейтилген форматта талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле бир катар актуалдуу эл аралык жана региондук маселелерде, анын ичинде тынчтык, коопсуздук, жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү маселелеринде өз ара толук түшүнүшүү бар жана позицияларыбыз жакын», — деп белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багыт алган курсун толугу менен карманарына дагы бир жолу ишендирди, эки тараптуу өнөктөштүктүн чоң потенциалын мындан ары да чыңдоо, өнүктүрүү үчүн күч-аракетин болушунча жумшоого даяр экенин билдирди.

Президент Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелеринин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бере тургандыгын ырастап, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров, 28-июнда, Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын жыйынтыктап, Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына расмий сапары менен жөнөп кетти.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркмөнстан,

Жаңылыктар