Президенттик шайлоо: Жапаров алдыда

КР Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда Садыр Жапаров 79,18% добуш менен сап башында келе жатат.

11 Ocak 2021 01:09

Бүгүн, 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өттү.  КР Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, жалпы 2 миң 474 урнада добуш берүү бүтүп, Урналардын 96,44%ы эсептелинди.

Aлдын ала билдирүүгө таянсак, президентик шайлоого 1 млн 339 миң 638 жаран добушун берди. Ал жалпы шайлоочулардын 37,59%ын түзөт.

Шайлдабекова, автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча Садыр Жапаровдун 79,18% добуш менен сап башында келе жатканын маалымдады.

Алдын ала жыйынтык боюнча Адахан Мадумаров - 6.70%;  Бабыржан Төлбаев - 2.35%; Мыктыбек Арстанбек - 1.68%; Абдил Сегизбаев - 1.46%; Имамидин Ташов - 1.19% добуш алды. Калган 12 талапкер 1 пайызга жетпеген добуш алса, шайлоочулардын 1.34 пайызы «баарына каршы» добуш берди.

Президенттик башкаруу жеңүүдө

КР Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, референдумда президенттик башкаруу формасы жеңүүдө. Референдумга шайлоочулардын 34,29%ы катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, президенттик башкаруу формасына– 81,20%, парламенттик башкаруу формасына – 10,76% жана бардык варианттарга каршы – 4,4% добуш берилген.

Жаңылыктар