Президенттик шайлоо

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт.

09 Ocak 2021 00:03

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Кыргыз Республикасы көз карандысыздыгын алгандан бери 8-ирээт өтө турган шайлоодо17 талапкер ат салышууда.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүүчүлөрдүн саны 3 563 574 болду. Шайлоочулардын эң акыркы тизмеси 2-январь күнү бекитилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн Кыргызстанда 2474 тилке уюштурулган. Андан тышкары чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участогу даярдалды.

Шайлоого жергиликтүү жана чет өлкөлүк байкоочулар көз салат. Добуш берүү таңкы саат 8:00до башталып кечки 20:00до жыйынтыкталат.

Шайлоо күнү шайлоочуларга референдум боюнча үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу формасын колдой турганын, болбосо бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

Ал эми президенттик шайлоодо добуштардын жарымынан көбүн алган талапкер жеңүүчү болот. Эгер талапкерлердин бири дагы жалпы добуштун жарымынан көбүн ала албаса же "баарына каршы" графасы алдыга чыгып кетсе, экинчи тур жарыяланат. Биринчи турда канча киши болгонуна карабай экинчиге эң көп добуш алган эки гана талапкер катыша алат.
4-октябрдагы баш аламандыктан кийин бийликти колуна алып, кийин президенттик шайлоого барыш үчүн кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров учурда 17 талапкердин ичинен салыштырмалуу көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болгон саясатчы катары бааланууда.

Садыр Жапаров

52 жаштагы Садыр Нургожо уулу Жапаров Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин убактылуу аткаруучу. Кыргыз саясий айдыңында өлкөнүн маанилүү стратегиялык Кум-Төр алтын кенин иштеткен канадалык компаниянын тегерегиндеги коррупциялык кылмыштардын жүзүн ачуу боюнча аракеттери менен таанымал.

Садыр Жапаров Нуркожоевич Дене тарбия жогорку окуу жайында билим алган.  Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Өз кезегинде Курманбек Бакиевдин Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси болуп эмгектенген. 2007-жылы 22-октябрда Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенген. 

Ал эми Атамбаевдин убагында “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн барымтага алган” - деп эркинен ажыратылган. 3,5 жыл абакта жаткан учурунда ата-энесинен жана уулунан ажыраган.

Тажрыйбалуу саясатчы Адахан Мадумаров

Журналист, тарыхчы жана мамлекеттик ишмер Адахан Мадумаров Жапаровдун негизги атаандашы болууда. Ал Жогорку Кеңештин алгачкы үч чакырылышынын депутаты болгон. 2006-жылдын апрель айында КР вице-премьер министринин милдетин аткарган. Бакиевдин учурунда Кыргызстандын мамлекеттик катчысы; Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын төрагасы; КР Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. 2013-2015 — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп шайланган. Мадумаров өлкөгө саясий туруктуулук орнотууну убадалоодо.

Шайлоо өнөктүгү

Президенттик кызматка талапкерлер, шайлоо өнөктүгү учурунда, Кыргызстанды кандай жол менен алып бараарын, экономикалык, социалдык, саламаттык сактоо программалары менен шайлоочуларды кеңири таныштырышты. Шайлоо өнөктүгү учурунда пандемияга байланыштуу киргизилген эрежелер дээрлик аткарылды.

Ордо калаа Бишкек шаарында Жапаровдун афишалары көбүрөөк көзгө урунуп турду. Ал эми Жапаровдун атаандаштары анын Бакиев менен байланыгы болушу мүмкүн экенин айтып чыгышты.

Кыргызстандагы саясий кризис

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг уюштуруп, Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, президент, премьер-министр жана парламенттин төрагасы кызмат орундарын тапшырган.

6-октябрга караган түнү Садыр Жапаров түрмөдөн бошоп, 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору каралып, кабыл алынган. Документке ылайык, парламенттик кайра шайлоо конституциялык реформаны өткөрүү аяктагандан кийин өтөрү белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген. Бул тууралуу чечим, 24-октябрда БШКнын жыйынында кабыл алынган. 14-ноябрда, Жапаров президенттикке атанганына байланыштуу, шайлоо мезгилинде премьер-министрдин милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго, Президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн.

Ал эми 18-ноябрь күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. 20-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзгөн.  Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан кеңешме убактылуу ишин токтотуу.  10-январда референдум өтүп, эл мамлекеттик башкаруунун формасын аныктаган соң ошого жараша кадам жасалышы ыктымал.

 

Жаңылыктар