Президенттик жарышка аттангандар белгилүү болду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 18 талапкерди каттады.

14 Aralık 2020 13:55

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөнкү 18 талапкерди каттады:
1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
2. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
3. Исаев Канатбек Кедейканович;
4. Тагаев Рашид Бакирович;
5. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
6. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
7. Касенов Аймен Абдыталипович;
8. Арстанбек Мыктыбек;
9. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
10. Ташов Имамидин Асамидинович;
11. Асанов Курсан Сатарович;
12. Иманалиев Каныбек Капашович;
13. Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
14. Абакиров Эльдар Курманбекович;
15. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
16. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
17. Сегизбаев Абдил Кенешевич;
18. Жапаров Садыр Нургожоевич.

Жумушчу топтун маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызмат ордуна жогоруда аталган бардык талапкерлерде 30 миң ишенимдүү колтамгалар бар экендиги аныкталды.
КР БШКнын токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 18 талапкер катталды, аларга күбөлүктөр берилди.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүлөт.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары башталып, башаламандык менен коштолгон. Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеди.

Жапаров мамлекет башчылыкка талапкер болууга аттангандан соң президенттин милдетин аткаруу парламент спикери Талант Мамытовго жүктөлгөн.

 

Жаңылыктар