Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун маалымат жыйын өткөрдү

Жапаров маалымат жыйынында 10-январда өтө турган президенттик шайлоого катышкан убакта өкмөт башчылык милдеттерин токтотуп турарын билдирди.

12 Kasım 2020 22:19

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 6-октябрдан бери алгач ирээт жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Президенттин милдетин аткаруучу  ата мекендик жана чет элдик 148 журналисттердин экономикадан баштап тышкы саясатка чейинки бир топ суроолоруна жооп берди. Маалымат жыйын 1,5 саатка созулду.

Жапаров маалымат жыйынында президенттик шайлоого катышкан убакта өкмөт башчылык милдеттерин токтотуп турарын билдирди. Анын айтымында, ал президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттин милдеттерин төрагага өткөрүп берет, ал эми өкмөт башчылык милдеттерин шайлоо аяктаганга чейин убактылуу токтотуп турат. Өкмөт башчы милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып турат.

Ошондой эле маалымат жыйынында конституциялык реформаны өткөрүү тууралуу суроолор берилди. Садыр Жапаров конституциялык реформа – элдин талабы экенин баса белгиледи. «Азыр конституциялык долбоор даярдалып жатат. Жакын арада ал парламентке чыгарылат. Парламентке конституциялык долбоор гана берилип, кандай Конституция кабыл алынарын парламент менен коомчулук чечет», - деди ал.

Жапаров маалымат жыйында жаңы Конституция кабыл алынса диктатура болуп кетпейби деген ойдон алыс болуу керектигин айтты. «Кыргызстандыктар 30 жылда үчүнчү жолу революция жасаган эл. Дал ошол диктатураны орнотпойлу, мыйзамсыздык, адилетсиздикти жок кылалы деп ушундай аракеттерге барган. Мен же башка адам президент болуп келеби кыргыз эли бийликтин диктатурасына жол бербей тургандыгын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Мен мурунку президенттер кетирген катаны кетирбейм» , - деди ал.

Маалымат жыйын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

 

Жаңылыктар