Проф. Ата Нутку-Республика тарыхындагы алгачкы ата-мекендик кеменин архитектору

Ата Нутку өзүнүн аскердик жана жарандык жашоосyнда бир доордун лидери болгон.

04 Şubat 2022 19:10

«Түркия кеме чыгара албайт» деген жылдар эле...

Бирок, Ата Нутку эч качан ишенимин жоготкон жок...

Улам жаңы ийгилик багындырган сайын улам жаңы кыйынчылыктарды жеңүүгө умтулду...

1904-жылы 26-октябрда Превезеде жарык дүйнөгө келген Ата Нутку башталгыч жана орто мектепти Хайдарпаша жана Кадыкөй Султанидеги Терраки мектебинде бүтүргөн.

1917-жылы Хейбелиададагы деңиз мектебинде билим ала баштаган. Экинчи лейтенант катары окуусун бүтүргөн соң Гөлжүк кеме куруучу заводунда эмгек жолун баштаган. Инженердик стажировкада Голландиядагы суу астындагы кемелерди курууга катышкан.

Кеме сатып алуубу же куруубу?

Ал жылдары Италиялык аскерлер, Түркиянын флоту менен биргелеше аракетке өтүп, натыйжада, мунай кемеси керек болгон. Анкени кемелердин күйүүчү майга болгон муктажыдыгы татаал жолдор менен камсыздалчу. Ошентип кеме сатып алуу же кеме куруу муктаждыгы жаралган. Ата Нутку кемени Түркияда чыгаруу зарыл деген көз карашты карманган.

Алгачкы кемесин деңизге чыгарганда жалгыз болгон

Кеменин пландарын Ата Нутку жана Амир Төрт түзгөн. Кеменин курулушу, тийиштүү даярдыктардан соң 26-май 1934-жылы башталган.  Ал жылдары ага ишенгендер өтө аз болгон.

Гөлжүк мунай кемеси 1935-жылы 1-ноябрда эч кандай чоң салтанат уюштурулбай туруп деңизге түшүрүлгөн. Чакан аземге Ата Нутку жана ага ишенген  достору гана катышкан.

Ошентип Түркиянын алгачкы кемеси Ата Нуткунун аракети менен курулган. Кеме 2 жылдан кийин кызмат көрсөтө баштаган.

Улам жаңы ийгиликтерди багындырган

Ата Нутку Гөлжүк мунай кемесинин курулушуна кошкон олуттуу салымы үчүн Башкы штабдын маршалы Февзи Чакмак тарабынан мактоо баракчасына татыган. Улуттук коргоонуу акчалай сыйлык менен сыйлаган.

1937-жылы Атак шахталык кемеси курулган. Кеменин сууга түшүрүү аземи Гөлжүктөн айырмаланып, көптөгөн жарандардын катышуусундағ ири аземдин коштоосунда өткөн.

Ата Нутку улам жаңы ийгиликтерди багындырып, 2500 тонналык кеме, Торпедо салоптары, Толунай танкери, Картал автопарому, Карамүрсел автопаромун курган.

Болочок инженерлерди тарбиялап өстүргөн

1943-жылы Стамбул техникалык университетинде кеме куруу факультети ачылып, Ата Нуткуга келечектин инженерлерин даярдоо милдети жүктөлгөн.

Кийинки жылдарда анын жетекчилиги менен Түркияда кеме куруу институту түзүлгөн. Кийинчерээк институтта кемелердин моделдик эксперименталдык лабораториясы негизделген.

1990-жылы Стамбул техникалык университетиндеги кемелердин моделдик эксперименталдык лабораториясына Ата Нуткунун ысымы ыйгарылган.

Ата Нутку 31-январь 1994-жылы көз жумган. Артында аны ар дайым урмат-сый менен эскерип жүрө турган окуучулары калды.

Anahtar Kelimeler: Ата Нутку, Түркия,

Жаңылыктар