Пушкин атындагы мамлекеттик орус драма театры

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында жайгашкан Пушкин атындагы мамлекеттик орус драма театры 1926-жылы негизделген

28 Mayıs 2022 12:26

1932-жылы драма театры менен катар театр-студия да ачылган. Аталган театр-студиянын алгачкы бүтүрүүчүлөрү, 1929-жылы, «Молланепес» атындагы негизги драма театрда эмгек жолун баштаган.

Драма театры кыска убакыт ичинде Ашхабаддагы манилүү маданий борборго айланган.

1937-жылы театрга орус акыны Александр Пушкиндин ысымы ыйгарылган.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында театрдын артисттери согуш жүрүп жаткан жерлерде жоокерлердин духун көтөрүү, жеңишке болгон ишенимин арттыруу максатында ар кыл оюндарды коюшкан.

1948-жылы Ашхабаддагы катуу жер титирөөдөн кийин театрдын имаратынын көпчүлүк бөлүгү талкаланган. Мындан улам жаңы имарат салынган.

1950-жылдардан баштап Пушкин атындагы орус драма театры чет өлкөлөрдө тааныла баштаган.

1955-жылы Москва шаарында өткөн Түркмөн адабияты жана искуствосу жумалыгында Антон Чеховдун «Үч бир тууган», Г. Мухтаровдун «Бактылуу конок» жана Г. Сейитлиевдин «Дүйнө» аталыштагы чыгармалары сахнага коюлган. Оюндардын ар бири россиялык басма сөздө чоң резонанс жараткан.

Түркмөнстандык көптөгөн белгилүү драматургдар жана артисттер өз өмүрүн аталган театрга арнашкан.

Театр бүгүнкү күндө көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон көптөгөн таланттуу артисттерди даярдоодо.

Жаңылыктар