Путин ЖККУнун лидерлери менен Казакстандагы кырдаалды талкуулады

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

07 Ocak 2022 18:19

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президенти Владимир Путиндин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлери менен  телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдады.

Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Тажикстандын президенти Эмомали Рахман жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Лидерлер Казакстандагы кырдаалды талкуулашкан. 

В. Путин Казакстандын президенти Токаев менен бир нече ирээт сүйлөшүп, Казакстандагы кырдаал, казакстандык жарандардын коопсуздугун камсыздоо, тартипти сактоо жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча ЖККУнун биргелешкен аракеттер талкуулаган.

Песковдун маалыматына караганда Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу ПутингеЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн операциялары тууралуу ырааттуу отчет берүүдө.

Казакстандагы кырдаал

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келген. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланган.

Токаев Казакстандагы абалды "мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу" деп атап, ЖККУга "террордук коркунучту жеңүүгө" жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Күчтөр өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында чектелген мөөнөткө жөнөтүлөт.

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму КМШнын жамааттык коопсуздук системасын түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бул эң маанилүү маселе КМШнын алты мамлекетинин - Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башчылары 1992-ж. 15-мартта ЖККУ кол коюшкандыгынын аркасында чечилген. Ага ылайык кол койгон тараптар өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттер менен пикир келишпестиктерин жалаң тынчтык каражаттары менен чечүүгө милдеттенишкен. 

Anahtar Kelimeler: Казакстан,

Жаңылыктар