Рабия Султан Бегимдин күмбөзү

Казакстандын Түркстан шаарында жайгашкан Рабия Султан Бегимдин күмбөзү Азирети Султан музейинин бир бөлүгү болуп эсептелет.

17 Haziran 2022 20:13

Рабия Султан Бегим 1451-жылы көчмөн Өзбек каганатынын башкаруучусу Абулхайыр менен баш кошкон.

Күйөөсү каза болгон соң Түркмөнстанда 17 жыл жашап, 1485-жылы дүйнөдөн кайткан.

Анын урматына уулдары атайын күмбөз тургузган.

Күмбөздүн жалпы аянты 62 чарчы метр.

Беш бөлмөдөн турат.

Цилиндр түрүндөгү күмбөздүн өңү көк түстө.

Рабия Султан Бегимдин кабыры комплекстин түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан.

Кабыр ташында: "Бул асыл, кечиримдүү, салих Рабия жаткан жер; шейит кеткен, кудуреттүү, улуу султан Улугбек Гурагандын кызы жаткан жер. Аллах кыяматка чейин бардык кабыр азабынан коргосун"  деп жазылган.

Архитектуралык эстелик боюнча тарыхый маалыматтар 16-кылымдан эскериле баштаган.

1895-жылы орус аскерлери "бир күндө кулап кете турган өтө эски имарат" деген шылтоо менен куполду жана дубалдын бир бөлүгүн талкалап салышкан.

Жүз жылдан кийин күмбөз калыбына келтирилген.

Бүгүнкү күндө бул орто кылымдагы кооз имарат Азирети Султан музейинин бир бөлүгү.

Рабия Султан Бегим күмбөзү түркстандык усталар тарабынан курулган алгачкы архитектуралык эстеликтердин бири болуп эсептелет.

Жаңылыктар