Репетек биосфералык мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагы

Репетек биосфералык мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагы Түркмөнстандын Лебап провинциясында, Аму дарыясына жакын жерде, Каракум чөлүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

06 Mart 2022 08:36

СССРдин Түркмөнстан комитети 1927-жылдын 27-октябрында, Чыгыш Каракумдун жаратылышын изилдөө жана коргоо максаты менен Репетек биосфералык мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагын түзгөн. Жалпы аянты 34600 га.

Аянтка бул статус берилгенге чейин Репетек кумдук талаа станциясы катары колдонулган.

Аймактын пайдубалын 1912-жылы Орус географиялык коому түптөгөн.

Репетек биосфералык мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагы  ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилген.  Бул аймактар жаратылыштын бузула элек бөлүктөрүн калыбында сактап калуу, ошондой эле өзгөрүүгө дуушарланган бөлүктөрүн калыбына келтирүү максатында уюшулат. Сарбалык терс таасирди чектеп, мыйзам аркылуу коргоолуучу экономика-экологиялык регион болуп эсептелет.

Корукта 400 өсүмдүктөрдүн түрлөрү, алардын ичинде сыргаташ, талаа чырмооктору, бассия, түркмөн жоогазындары, саксаул,  арча, долоно, алча ж.б. кездешет. Алардын көбү Түркмөнстан башка жерлеринде өспөйт жана  кызыл китепке киргизилген.

Чөлгө жакын болгону менен коруктун фаунасы абдан ар түрдүү жана бай.

Аймакты көптөгөн омурткалуу жана омурткасыз жаныбарлар мекендейт. Корукта, 1343 омурткасыз жана 250дөй омурткалуу жаныбардын түрү аныкталган.

Репетек кум-талаа илим-изилдөө борбору жана коруктун аймагында ири масштабдагы изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Азыркыга чейин 1000ден ашык илимий макала жана эмгек жарык көргөн.

Anahtar Kelimeler: Репетек биосфералык мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагы, Түркмөнстан,

Жаңылыктар