Республика майрамы Кыргызстанда белгиленди

Түркия Республикасынын 97 жылдыгы Кыргызстанда да шаңдуу белгиленди. 

29 Ekim 2020 14:05

 

Түркия Республикасынын 97 жылдыгы Кыргызстанда да белгиленди.  Иш-чара Түркиянын улуттук гимнинин аткарылышы менен башталды. Улуттук гимнди, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин алдындагы Билим берүү кеңешине караштуу мектептердин окуучулары жана мугалимдери, элчилик кызматкерлеринин балдары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору жана окутуучулары мурунтан ырдап, атайын клип тарткан.

Улуттук гимн аткарылгандан кийин Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Республика күнүнө арналган куттуктоо сөзү окулду.

Андан соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Байланыш факультети даярдаган даректүү тасма көрсөтүлдү. Катышуучулар, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги даярдаган «Республика» аталыштагы музейге виртуалдык саякат жасоого мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин окуучулары Республика күнүнө арналган ырларды жана Ататүрктүн акылман сөздөрүн көркөм окуп беришти.

 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алдындагы «Манастын кыздары» бий тобу түрк элдик бийлерин аткарышты. Катышуучуларга университеттин студенттери даярдаган концерттик программа тартууланды. Иш-чара, «Карабак» аталыштагы ырдын аткарылышы менен жыйынтыкталды.

 

Жаңылыктар