Рим доорунан калган Македон мунарасы Эдирненин тарыхын чагылдыра турган маданий аймакка айланат

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Рим, Византия жана Осмон цивилизацияларына күбө болгон тарыхый мунараны жаңылап, маданий-туристтик аймакка айландырат

26 Aralık 2021 10:47

Рим доорунда шаарды курчап турган дубалдардын бурчунда төрт мунара болгон. Алардын бирөө гана күнү бүгүнкүгө келип жеткен.  Ал, айтылуу Македон мунарасы.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги тарыхый мунараны жаңылоодон өткөрөт да айлана чөйрөсүн оңдоп, маданий-туристтик аймакка айландырат.

 Тракья университетинин Искусство тарыхы бөлүмүнүн башчысы Проф. докт. Энгин Бексачтын айтымында Македон мунарасы-шаардагы эң маанилүү тарыхый жана туристтик жайлардын бири. Мунараны — шедевр деп атоого болот. Ал Эдирне дубалдарын бекемдөө менен бирге байкоо жүргүзүү максатында салынган.

Тарыхый мунара бүгүнкү күндө чет элдик туристтерди өзүнө тартып келет. Мунара жаңылоодон өтүп, долбоордун ишке ашырылышы Эдирненин маданиятына  жана туризмине чоң салым кошот. Тарыхый баалуулуктарды коргоо-Эдирненин келечеги үчүн абдан маанилүү. Маданият жана туризм жагынан алып караганда мунараларды жана шаар дубалдарын сөссүз түрдө коргоо зарыл.

Македон мунарасы

Баштапкы калыбын Рим империясынын башкаруучусу Адриан салдырган. Рим доорунда шаарды курчап турган дубалдардын бурчундагы төрт мунарадан күнү бүгүнкүнө келип жеткени-Македон мунарасы.

1867-жылы Осмон дөөлөтүнүн Эдирнедеги өкүлү Хажы Иззет Паша, мунаранын үстүнө жыгачтан дубал кошуп, саат орноткон. Ошондон бери «саат мунарасы» деп аталып калган.

1953-жылкы жер титирөөдө жыгачтан кошулган дубал жана саат катуу зыян тарткан. Кийинчерээк «шаардын эстетикасын бузууда» деген жүйөө менен жыгачтан дубалы жана саат алынып салынган.

 

Anahtar Kelimeler: Македон мунарасы,

Жаңылыктар