26

Россия Крымды мыйзамсыз анекциялоо ишин 26-февралда баштаган

Украинага караштуу Крым Автономиялык Республикасынын Россияга мыйзамсыз кошулуу процесси 7 жыл мурда, 26-февралда башталган.

26 Şubat 2021 17:31

Украина менен Евробиримдиктин кызматташтыгын бекемдеген Ассоциациялык келишимге ошол кездеги президент Янукович 2013-жылдын ноябрында кол койгон. Бирок Москванын кысымынан кийин андан дароо баш тарткан. Буга байланыштуу Укрианада нааразылык акциялары башталып, эл экиге бөлүнгөн. Элдин бир бөлүгү Украинаны колдосо, экинич бөлүгү Россияга ыктаган.

2014-жылдын 20-февралында Крым парламентинин төрагасы Владимир Константинов иш сапары менен Москвага баргандан кийин Крым коомчулугунда орусиячыл иш-аракеттер күч ала баштаган.

Константинов иш сапары учурунда Янукович кызматтан кетсе, Крымды Украинадан бөлүү идеясын көтөргөн.

Нааразылык акциялары кышы менен токтобой, 22-февралда Янукович өлкөдөн качып кеткен.

Украин бийлигине батышчыл күчтөрдүн келиши Крым жарым аралында орусиячыл тарапкерлердин активдүүлүгүн арттырган. Жарым аралдагы орус базаларында кызмат өтөгөн аскер бөлүктөрү активдүү иштей башташкан. Россия Биримдиги партиясынын лидери  Сергей Аксенов «элдик милиция күчтөрү» деген ат менен 3500 кишилик полк түзүп, бул окуя Крымдагы чыңалууну күчөткөн. Москва жарым аралга депутат Леонид Слуцкий баштаган делегацияны жөнөтүп, операцияны тездеткен. Крымга келген делегация Россия Биримдиги партиясынын лидери Сергей Аксенов жана Крым парламентинин депутаты Сергей Цеков менен жолугушкан.

2014-жылдын 25-февралынан тартып, орусиячыл күчтөр парламентти кысымга ала баштаган. 400гө жакын Орусиячыл тарапкер Крым парламентине кирип барып, Крымдын көз карандысыздыгын жарыялоо боюнча референдум өткөрүү чечимин талап кылышкан. 26-февралда парламенттин төрагасы Константинов Башкы Ассамблеяда референдум маселесин талкуулай турганын жарыялаган. Көп өтпөй Россия Биримдиги партиясы Крым Автономиялык Республикасынын Парламентинин алдына митингге чыгаарын жарыялаган. Ушул эле күнү Украина мамлекетинин биримдигин коргогон Крым Татар Улуттук Жыйыны дагы парламенттин алдында жыйын өткөрөөрүн жарыялаган. Крым татарларынын бул чечиминен кийин Аксеновдун алдындагы күчтөр парламентти курчоого алышкан.

Андан көп өтпөй "жашыл адамдар" деп аталган аскердик топ пайда болуп, Крым парламентин жана өкмөттүк имараттарды басып алышкан.

Крым Автономиялуу Республикасынын парламенти 6-мартта Крымды Россияга кошуу боюнча референдум өткөрүү чечимин кабыл алганын жарыялаган. Россияны жактаган куралдуу кошуундар биринчи күндөн тартып эле системалуу түрдө крым татарларына жана украиндерге кысым көрсөтүп, жарым аралдан кетүүгө аргасыз кылышкан.

16-мартта крымдыктар Орусияга кошулуу же Украинанын курамында калуу маселеси коюлган референдумда добуш беришкен. Бирок, референдум «жашыл адамдардын» көзөмөлүндө өтүп, ага катышкандар Крым республикасынын Орусия курамына кирүүгө аргасыз макулдугун беришкен.

21-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Крым жана Севастополдун Орусия Федерациясына кошулганы боюнча келишимге кол койгон. 

Жаңылыктар