7

Россиянын Крымды мыйзамсыз аннексиялаганына 7 жыл

Аннексиядан кийин Крым татарларына кысым күчөдү.

16 Mart 2021 15:41

Украина менен Евробиримдиктин кызматташтыгын бекемдеген Ассоциациялык келишимге ошол кездеги президент Янукович 2013-жылдын 21-ноябрында кол койгон. Бирок Москванын кысымынан кийин андан дароо баш тарткан. Буга байланыштуу Укрианада нааразылык акциялары башталып, эл экиге бөлүнгөн. Элдин бир бөлүгү Украинаны колдосо, экинчи бөлүгү Россияга ыктаган.

Нааразылык акциялары кышы менен токтобой, 22-февралда Янукович өлкөдөн качып кеткен. Бийлик Батышты колдогон саясатчылардын колуна өткөн.

Украин бийлигине батышчыл күчтөрдүн келиши Крым жарым аралында орусиячыл тарапкерлер активдүүлүгүн арттырган. Жарым аралдагы орус базаларында кызмат өтөгөн аскер бөлүктөрү активдүү иштей башташкан.

Кара Деңиз Флоту Украина менен Россиянын ортосунда түзүлгөн  (28-май 1997-жыл жана 21-апрель 2010-жыл) келишимдерди бузуп, орус аскерлери жарым аралды көздөй жылып келишкен.

2014-жылдын 25-февралынан тартып, орусиячыл күчтөр парламентти кысымга ала баштаган. 400гө жакын Орусиячыл тарапкер Крым парламентине кирип барып, Крымдын көз карандысыздыгын жарыялоо боюнча референдум өткөрүү чечимин талап кылышкан.

26-февралдагы окуялар

26-февралда парламенттин төрагасы Константинов Башкы Ассамблеяда референдум маселесин талкуулай турганын жарыялаган. Көп өтпөй Россия Биримдиги партиясы Крым Автономиялык Республикасынын Парламентинин алдына митингге чыгаарын жарыялаган. Ушул эле күнү Украина мамлекетинин биримдигин коргогон Крым Татар Улуттук Жыйыны дагы парламенттин алдында жыйын өткөрөөрүн жарыялаган.

Крым татарлары көптүк кылган 7000ден ашуун адам Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоо үчүн нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Демонстрация учурунда эки адам каза болгон.

Андан көп өтпөй "жашыл адамдар" деп аталган аскердик топ пайда болуп, Крым парламентин жана өкмөттүк имараттарды басып алышкан.

«Жашыл адамдардын» көзөмөлүндөгү референдум

Крым Автономиялуу Республикасынын парламенти 6-мартта Крымдын макамы боюнча референдум өткөрүү чечимин кабыл алганын жарыялаган. Россияны жактаган куралдуу кошуундар биринчи күндөн тартып эле системалуу түрдө крым татарларына жана украиндерге кысым көрсөтүп, жарым аралдан кетүүгө аргасыз кылышкан.

16-мартта крымдыктар Орусияга кошулуу же Украинанын курамында калуу маселеси коюлган референдумда добуш беришкен. Бирок, референдум «жашыл адамдардын» көзөмөлүндө өтүп, ага катышкандар Крым Республикасынын Орусия курамына кирүүгө аргасыз макулдугун беришкен.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баш болгон эл аралык уюмдар жана бир катар өлкөлөр референдумга каршы чыгып, анын жыйынтыгын тааныган эмес.

Буга карабастан 21-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Крым жана Севастополдун Орусия Федерациясына кошулганы боюнча келишимге кол койгон. 

Аннексиядан кийин Крым татарларына кысым күчөдү

Крым Россиянын карамагына өткөндөн кийин, Украинага ыктаган Крым татарларына жана башкаруучуларга "26-февралдагы окуяларга" тийешеси бар деген айып тагылып, аларга кысым көрсөтүлүп, камакка алына баштаган.

Алсак крым татар улуттук кыймылынын лидерлеринин бири Мустафа Жемилевге Крымга кирүүгө тыюу салынган.

Россия соту Крым татарларынын улуттук парламентин экстремисттик уюмдардын катарына кошуп, анын ишине тыюу салган.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан бери аталган уюмдун мүчөсү деген айып менен ондогон Крым татарлары кармалган.

Адам укугун коргоо боюнча Хьюман Райтс Вотч уюмунун маалыматына караганда Россия 2014-жылдан бери Украинаны колдогондорго кысым көрсөтүп келет. Крым татарлары куугунтукка алынып, үйлөрү тонолуп, камалып, суракка алынууда.

КрымСОС аталыштагы бейөкмөт уюмдун маалыматы боюнча азыркы күнгө чейин саясий себептер менен 104 крымдык кармалган. Алардын 77си крым татарлары.

Россия аннексиядан кийин Крымды орусташтырууда

Россия Крымдагы өз таасирин жогорулатып, орус улутундагы жарандарды Крымга жайгаштырууда.

Крым татар улуттук кыймылынын лидерлери  Мустафа Жемилевдин маалыматы боюнча Орусия азыркы күнгө чейин 205 миң жаранын Крымга жайгаштырганын айтып келет. Бирок крым татарларынын эсеби боюнча жарым аралга бери дегенде 600 миң  орус жараны жайгаштырылган.

Ал эми Украинанын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Орусия Крымга 2014-жылдан бери 32 500 аскерин жайгаштырган.

Мындан тышкары, Украинанын Коргоо министри Андрий Таран Россия Крымга өзөктүк куралды жайгаштырууга даярданып жаткандыгын белгилеген.

Anahtar Kelimeler: Крым, Россия, Крым татарлары, Аннексия, кысым,

Жаңылыктар