«Рух Ордо» - Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан   ачык абадагы өзгөчө  музей

Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы  «Рух Ордо»  музейи туристтерге өзгөчө маанай тартуулайт.

17 Eylül 2021 16:55

Кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгиндеги  «Рух Ордо»  музейи ачык асман алдындагы өзгөчө комплекс. Ал 4,5 га аянтка салынган.

«Рух-Ордо» музейи кыргыз элинин маданияты жана каада-салты жөнүндө эң кеңири маалыматты камтыйт.

Музей 2002-жылы негизделип, 2007-жылдан тарта кызмат көрсөтө баштаган. 2008-жылы музейге, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.

Комплекс  10 чакан музейден турат: «Ч.Айтматовдун музей-үйү», «Кыргыз искусство жана маданият залы»,  сүрөт жана фото галереялары, «Саякбай Каралаевдин чатырчасы»,  «Билим казынасы» жана дүйнөлүк ири конфессияларды камтыган (Ислам, католицизм, православие, буддизм жана иудаизм) беш чиркөө.

Музейди негиздөө идеясы бул жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан ишкер, маркум Ташкул Керексизовго таандык.

Музейде скульптуралар жана сүрөттөр көргөзмөгө коюлган

Музейде ар түрдүү ыкмалар менен  жасалган  укумдан-тукумга  кылдаттык менен   өтүп турган  кол өнөрчүлүк буюмдары,   ондогон айкелдер жана жүздөгөн  сүрөттөр бар.

Комплексте дүйнөгө таанымал улуу жазуучу Ч. Айтматовдун, белгилүү манасчы Саякабай Каралаевдин ошондой эле, тарыхка атын калтырган белгилүү саясатчы жана өнөр адамдарынын айкелдери орнотулган.

Музейде Түркия Республикасынын негиздөөчүсү улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрктүн да айкели бар.

Ошол эле учурда, «Рух Ордонун» көргөзмө фонду  ар дайым жаңы жана кызыктуу экспонаттар менен толукталып турат.

«Рух-Ордо»музейинде көл жээгиндеги эң кооз пирсти көрө аласыздар. Ал Ысык-Көлдөгү төрт мезгилди символдоштурат.

Комплекстеги кыргыз үйү, көргөзмө залы жана балбалдар көрүүгө татыктуу маданий баалуулуктар катары айырмаланат.

Ачык асман алдындагы музейде бир катар расмий иш-чаралар, концерттер жана эл аралык фестивалдар өтүп турат.

Кыргызстандагы бул ири маданий борбор, алыс-жакындан келген меймандар сөзсүз бара турган жай. Алсак 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган барса, 2021-жылдын 10-сентябрында вице-президент Фуат Октай аталган музейде болуп, анын кооздугуна сутканып кайтты.

Музейге баш баккан адам кыргыз дүйнө таанымынын ушунчалык кенендигине, философиясынын тереңдигине суктанбай койбойт. Адам баласынын айырмачылыктарга караганда окшоштуктары, жалпылыктары көп экендигине ынанат.

Музейге келгендерде гид Комплекс жөнүндө кызыктуу жана толук  маалымат айтып берет. Бир жарым сааттык  сапардын аралыгында сиз  Кыргызстандын   тарыхы, маданияты жана жашоо-турмушу   тууралуу гана  билбестен,  ырдап, улуттук бий   бийлеп,  оюндарга, салттарга жана башка көптөгөн нерселерге катыша аласыздар.

Музейдин кызматкерлери меймандарды  кайдыгер   калтырбай, сөзсүз жакшы маанай менен узатат.

«Рух Ордо» жыл бою ачык.

 

Anahtar Kelimeler: «Рух Ордо», Кыргызстан,

Жаңылыктар