Руслан Казакбаев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоганды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоганды кабыл алды.

07 Nisan 2021 23:34

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды талкуулашты.

Руслан Казакбаев Билал Эрдогандын түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы биримдикти чыңдоодогу жигердүү жана көп кырдуу ишмердүүлүгүн жогору баалады.

Өз кезегинде дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз эли үчүн зор маниге ээ экендигин баса белгилеп,  V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган оюндарды өткөрүүгө көрүлгөн даярдыктар тууралуу айтып берди.

Эскерте кетсек, 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлгөндөн кийин эстафета Түркияга өткөрүлүп берилген. Оюндар 2020-жылы өтмөк, бирок коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдеш.

Мелдеш 2014-жылы тарыхта биринчи ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн.

Anahtar Kelimeler: IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Руслан Казакбаев, Билал Эрдоган,

Жаңылыктар