Садыр Жапаров ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линдени кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров конституциянын кабыл алынышы өлкөдөгү тартипти чыңдап, андан ары өнүгүшүнө кепилдик берет деп ишенерин билдирди.

13 Nisan 2021 18:10

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Борбор Азия өлкөлөрүндө сапар менен жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрайымы жана Швециянын тышкы иштер министри Анн Линдени кабыл алды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу байланыштарды бекемдөө маселелери жана жакынкы келечекте кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, бардык жоопкерчилик мамлекет башчысына жүктөлөрүн айтып, анын кабыл алынышы өлкөдөгү тартипти чыңдап, андан ары өнүгүшүнө кепилдик берет деп ишенерин билдирди.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров  Кыргызстан ЕККУ менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга ар дайым ачык жана даяр деп ишендирди.

Кыргызстан ЕККУнун өтө баалуу өнөктөшү

ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линде Кыргызстан ЕККУнун өтө баалуу өнөктөшү жана мүчө-өлкөсү экенин айтып, Уюм кызматташууну улантуу ниетинде экенин белгиледи.

Гендердик теңчилик жана тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдар маанилүү ролду ойной тургандыгын, бул ЕККУнун артыкчылыктуу багыты экендигин белгилеген Анн Линде Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин Тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдардын ролу жөнүндө резолюциясын ишке ашыруу боюнча Иш-план кабыл алган, ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдарга 30 пайыздык квота киргизген региондогу биринчи өлкөлөрдүн бири катары куттуктады.

Ошону менен бирге ал айлана-чөйрөнү коргоо маселелери дагы Уюмдун ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, ушул жылы Климат жана анын коопсуздукка тийгизген таасири жөнүндө министердик декларация кабыл алуу пландары жөнүндө маалымдап, Кыргызстан бул демилгени колдоруна үмүт артты.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, ЕККУ, Садыр Жапаров, Анн Линде,

Жаңылыктар