19

Садыр Жапаров Ковид-19 инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү.

23 Temmuz 2021 13:41

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда уулу менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы менен анын уулу коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биринчи дозасын борбордогу мобилдүү эмдөө пункттарынын биринде алышты.

Садыр Жапаровго эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу паспорт берилди.

Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын айтты.

Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жатат. Буга байланыштуу ал кыргызстандыктарга кайрылып, эл арасында тарап жаткан ушак-айыңдар менен жалган маалыматтарга ишенбөөгө үндөдү.

Президент Садыр Жапаров жарандарды жакындарынын жана жалпы коомдун саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды.

Статистика

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 155 миң 5 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 138 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.

Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 318 миң, экинчи дозасын 103 миң 941 жаран алды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1,2 млн дозасы келип, аймактарга бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле Россиядан  Sputnik V вакцинасынын 120 миң дозасы келген. Андан сырткары Азербайжандан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZenneca вакцинасы алынып келген.

Anahtar Kelimeler: Ковид-19, Садыр Жапаров, эмдөө, Кыргызстан,

Жаңылыктар